«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Аба ырайы кескин өзгөрөт: айдоочуларга жана дыйкандарга эскертүү берилди
29.09.2025 | 16:15

2025-жылдын 1–2-октябрында өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык:
- Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз +10…+15°С, кечинде +2…+7°Сге чейин төмөндөйт.
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°С, күндүз 16…21°С жылуу болот.
- Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн +1…+6°С, күндүз 10…15°С жылуу күтүлөт.
- Тоолуу райондордо түнкүсүн –4…+1°С, бийик тоолордо –5…–10°С суук болот.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу түшүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
2-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү ыктымал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом