Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Эми коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды байкоо камералары каттай баштайт
29.09.2025 | 16:34
1-октябрдан тарта аппараттык-программалык комплекстер (камералар) коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында жолдорго орнотулган камералар жол эрежесин бузуу учурларын автоматтык түрдө каттап, коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аныктай баштайт. Бузуулар фото жана видео байкоо аркылуу катталат»,- деп билдирди ал.
Басма сөз катчынын айтымында, бул жаңы чара жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын өнүктүрүүгө жана жолдордогу укук бузуулардын алдын алууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом