Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Адахан Мадумаров УКМК кызматкерлерин түнкүсүн кармоону токтотууга чакырды
09.02.2022 | 11:15
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду айыптоо негизсиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында фракция лидери Адахан Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, Мирлан Ураимов түн ичинде үйүнөн кармалган.
«Бизге далилдүү маалымат бергиле. Эмне үчүн түнү менен балдарды коркутуп камап коюшту? УКМК, ИИМ, токтоткула. Ал террористби? Ал эч жакка качпайт. Чакырсаңар келет. Ар бир адамга сый мамиле жасаган интеллигент», – деди ал.
Буга чейин Мирлан Ураимов социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалганы белгилүү болгон. Бул тууралуу жактоочу Юлия Богданова билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат