Ош: 4-курсттун студент кызын сүйлөшкөн жигити бычактап өлтүрдү

Ош: 4-курсттун студент кызын сүйлөшкөн жигити бычактап өлтүрдү

Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын сөөгү табылды. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ош шаардык милиция кызматкерлери шектүү адамды кармашты. Бул туурасында аталган милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, арызында “Менин 22 жаштагы кызым 2022-жылы 30-январында саат 09:00 чамасында үйдөн окууга барып келүү үчүн чыгып кеткен боюнча, дайынсыз болуп жатат”, — деп билдирген.

Аталган маалымат Ош шаардык милицияга 2022-жылдын 31-январында катталган.

Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 8-февраль күнү  Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4 курсунун студенти, Н.А. качып жүргөн жеринен кармалып, Ош шаардык милициянын тергөө кызматына алынып келинген.

Шектүү А.Н. алгачкы көрсөтмөсүндө, “2022-жылы 30-январында саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү, 31.01.2022-жылы Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, — деп билдирген.

Жогорудагы кармалган шектүү А.Н.дин көрсөтмөсүнүн негизинде, 08.02.2022-жылы саат 18:00 чамасында Кара-Суу району Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу  Ишкаван айылындагы шектүү короого кароо жүргүзүлүп, үйдүн түндүк тарабындагы дубалы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 см. тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон 2000-ж.т. Т.М.дин сөөгү табылган. Дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдар таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин адвокатынын катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган.

08.02.2022-жылы атуул А.Н. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жана ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча кошумча маалыматтар болсо, кошумча билдиребиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>