Депутат Токторбаев: Бизди эч ким тоготпой калдыбы? Элди сыйлагыла!

Депутат Токторбаев: Бизди эч ким тоготпой калдыбы? Элди сыйлагыла!

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жалпы жыйынга келбеген Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев менен Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду сынга алды.

Биздин парламенттин деңгээли абдан түшүп кеттиби? Парламент эмне өгөй бала болуп калдыкпы? Вице-премьер-министр жок, министр жок… Же бизди эч ким тоготпой калдыбы? Шайлоодо 1,5 млн. эл бизди шайлады. Жок дегенде бизди сыйлабасаңар, урматтабасаңар, бизди шайлаган элди сыйлап койбойсуңарбы? Бул жерде 38 млн. сомдун тагдыры чечилип жатат. Соцфонддун төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары сөзсүз келиши керек. Ушуну күн тартибине коём, болбосо карабайбыз”— деген сунушун берди.

Ал депутаттын сунушу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин келмейинче мыйзам долбоору каралбайт деген чечим добушка коюлуп, жалпы парламент тарабынан колдоо тапты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>