Адам өмүрүн алган өрт чыккан тез тамактануучу жайдын ээси камакка алынды

Адам өмүрүн алган өрт чыккан тез тамактануучу жайдын ээси камакка алынды

Бишкек шаарынын Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрттөнгөн  тез тамактануучу жайдын ээси камакка алынды.  Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, өрт чыккан «Шаурмы на мангале» аттуу тез тамактануучу жайдын 31 жаштагы ээси камакка алынган. Ага өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаган деген айып коюлуп жатат. 

Мындан сырткары, аталган өрттө каза тапкан адамдын аты-жөнү такталган.  Ал 25 жаштагы Г. Т. аттуу жаран болгон. 

“Тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып кеткен. Кийин өрт жанындагы башка имараттарга да өткөн. Жанындагы дарыкана жана дүкөн кошо өрттөнүп кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>