Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри менен жолукту
06.03.2025 | 12:07
Бүгүн, 6-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Жолугушууда өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, билим берүү, тоо-кен, туризм жана маданият тармактарындагы кызматташууну талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2019-2024-жылдар аралыгында дээрлик 13 эсеге көбөйгөнүн билдирген.
Жолугушууда аталган эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
Белгилей кетсек, Кыргызстан-Вьетнам кызматташтыгына быйыл 33 жыл толду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат