Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Айдоочулардын эсине! Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты 1-январга чейин жабылды
30.12.2023 | 18:58
Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянты 1-январга чейин жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы жылдык иш-чаралар өтө турганына байланыштуу “Ала-Тоо” аянты 30-декабрь саат 15:00дөн баштап 1-январдын таңына чейин жабык болот.
Борбордук аянтка бара турган Чүй проспектиси Палфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылып, унаалар өтө албайт. Жеринде кайгуул милициянын 105 кызматкери нөөмөттө турат.
“Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом