Футбол: БАЭ Кыргызстанды экинчи ирет талаштуу пенальтинин жардамы менен утту (видео)

Футбол: БАЭ Кыргызстанды экинчи ирет талаштуу пенальтинин жардамы менен утту (видео)

Кыргызстандын футбол курамасы  30-декабрда Бириккен Араб Эмираттары менен болгон жолдоштук беттеште 0:1 эсебинде жеңилди.

Бул оюн Кыргызстандын Азия кубогуна даярдык көрүү иретинде өткөрүлгөн.

Беттештин биринчи бөлүгү тең чыгып, эч ким эсепти ачкан жок. Экинчи бөлүктүн башталышында Гүлжигит Алыкулов экинчи сары айып кагазын алып (кызыл айып кагазы көрсөтүлгөндөн кийин) оюндан чыгарылды.

Кыргызстандын курамасы 10 оюнчу калганы менен атаандаштарына гол киргизүүгө мүмкүндүк бербей, кези келгенде чабуулга чыгып жатты. Бирок 88-мүнөттө дарбазачы Эржан Токотаев атаандаштары айып аянтчасына көтөргөн топту кайтарам деп алдыга секирип чыгып, БАЭнин спортчусуна тийип кеткен. Эки оюнчу тең жерге жыгылып, жатып калган. Бул учурдан кийин эле калыс пенальти берди.

Бирок кайталоодон Токотаев топту колу менен урганын, БАЭнин оюнчусуна карата эреже бузбаганын, пенальти талаштуу берилгенин көрүүгө болот.

Натыйжада БАЭнин оюнчусу талаштуу пенальтиден пайдаланып, гол киргизди. Эсеп 0:1 болду. Ошону менен оюндун аягына чейин эсеп өзгөргөн жок. Бул жеңиши менен БАЭ Кыргызстандын курамасын экинчи ирет талаштуу пенальтинин жардамы менен утуп жатат. Буга чейин 2019-жылы Азия кубогунун 1/8 финалында БАЭ Кыргызстанды калыстын талаштуу берген пенальтисинен кийин 3:2 эсебинде жеңген. Анда негизги 90-мүнөт 2:2 эсеби менен аяктап, командалар жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 15 мүнөттөн эки бөлүк ойногон.

101-мүнөттө кытайлык калыс Фу Мин кыргызстандык оюнчуну өз айып аянтчасында атаандашына каршы эреже бузду деп пенальти берген. Бирок кайталоодон кыргызстандык футболчу эреже бузбаганы даана көрүнгөн. БАЭнин оюнчусу пенальтиден гол киргизип, эсеп 2:3 болгон. Натыйжада эсеп өзгөрүүсүз калып, БАЭ талаштуу пенальтинин жардамы менен жеңишке жетишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>