Садыр Жапаров өзүнө катталбаган мүлкү бар экенин, аны “легализация” кыларын билдирди

Садыр Жапаров өзүнө катталбаган мүлкү бар экенин, аны “легализация” кыларын билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде өлкөдө өзүнө катталбаган мүлкү бар экенин жана аны келе жаткан жылы “легализация” кыларын билдирди.

Жапаров аталган билдирүүсүн журналисттин маек учурундагы «ички инвесторлорго – ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүлөбү?” деген суроого жооп берип жатып айтты.

“Албетте, көңүл бурулат. Биринчи кезекте ички инвесторлорго колубуздан келишинче жардам беребиз.

Себеби ички инвесторлордон көбүрөөк пайда болот. Анткени, ички инвесторлордун тапкан таза кирешелеринин баары мамлекеттин ичинде калат. Бирок, тилекке каршы, ички инвесторлордун арасында ири инвесторлор аз.

Биздин көпчүлүк байларыбыз акчаларын сыртта сактап келишет. Ошол үчүн “Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бердик. Азырынча эч ким деле аны пайдаланып, “легализация” кыла элек. Легализация кылышса анан сырттагы акчаларын алып келишет.

Жаңы жылдан кийин биринчилерден болуп мен өзүм баштап легализация кылып берейин деп атам.

Менин сыртта сактаган акчам жок. Өлкө ичиндеги мурда өзүмө катталбаган мүлктөрүмдү гана легализация кылам.

Ал эми сыртта акчасы бар байларыбыз легализация мыйзамын пайдаланып, акчаларын алып келип, ар кайсы тармактарга инвестиция кылышат деп күтүп атабыз”, — деди Жапаров.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>