Айланма жолдо бир адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда бүгүн, 18-январда жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык болжол менен саат 12:00до унаа жолунун 71-чакырымында болгон. “Ваз-2107” унаасы Токмок шаарынын Парковый көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып чоң жолго (айланма жолу) чыга калган учурда, батыштан чыгышты көздөй бара жаткан “Мерседес-Бенц” унаасы менен сүзүшкөн.
Андан соң карама-каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен “Мерседес-Бенц” унаасынын 35 жаштагы А.Т. аттуу жүргүнчүсү көз жумган.
Алдын ала маалымат боюнча, «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасындагы 5 адам жаракат алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз