Айланма жолдо бир адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Айланма жолдо бир адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда бүгүн, 18-январда жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык болжол менен саат 12:00до унаа жолунун 71-чакырымында болгон. «Ваз-2107» унаасы Токмок шаарынын Парковый көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып чоң жолго (айланма жолу) чыга калган учурда, батыштан чыгышты көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы менен сүзүшкөн.

Андан соң карама-каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц» унаасынын 35 жаштагы А.Т. аттуу жүргүнчүсү көз жумган.

Алдын ала маалымат боюнча, «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасындагы 5 адам жаракат алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>