Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты
11.04.2023 | 14:49
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач Медет кызы кореялык балбанды 43 секундда жеңип алды. Ал эми жарым финалда Япониянын спортчусунан дагы күчтүү болду.
Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.
Калмира Билимбекова (59 кг чейин) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жарым финалда утулуп, эми коло үчүн күрөшөт. Арууке Кадырбек кызы (55 кг чейин) медалдар үчүн күрөштөн четтеп калды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом