Кемпир-Абад иши: Депутат камактагыларды бошотууну өтүндү

Кемпир-Абад иши: Депутат камактагыларды бошотууну өтүндү

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттеринин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган 20дан ашык жаранды бошотууну өтүндү.

Жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

“Беш айдан бери айып тагыла элек. Далил болбогондон кийин аларды эркиндикке чыгаруу керек. Алар ачык бийликти басып алууга чакырык ташташпаса, болгону тынч жолугушууга чогулушкан. Баш мыйзамда ар бир жаран өз оюн айта алат деп жазылып турат”, — деди Акаев.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев иликтөө иштери жүрүп жатканын жана тергөөнүн мөөнөтү 6 айга чейин узартылганын айтты.

«Тергөө иштери жүрүп жататат жана иш жашыруун болгондуктан маалымат бере албайбыз. Иш сотко өткөндө баары белгилүү болот», — деп жооп берди министрдин орун басары.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган иш боюнча кошумчалап жатып, мамлекеттик түзүлүшкө, коопсуздукка, мамлекеттик сырга келгенде купуялуулук орнотуларын айтты.

 «Эмнегедир «Кемпир-Абаддын иши» деген түшүнүк калыптанып калды. Ички иштер министринин орун басары так айтыш керек болчу. Бул жерде мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети беренеси боюнча иш козголгон. Кеп Кемпир-Абад жөнүндө эмес», — деди Зулушев.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен төрт үй камагына чыгарылган, калган 24 адам №1 СИЗОдо кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>