Айыл чарба министрлиги: 2021-жылы Кыргызстан беденин үрөнүн Орусияга экспортоо боюнча пландоодо

Айыл чарба министрлиги: 2021-жылы Кыргызстан беденин үрөнүн Орусияга экспортоо боюнча пландоодо

2021-жылы беденин үрөнүн Орусиянын Омск, Челябинск жана Свердлов облустарынан экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди.

Жумалиев Советтер союзу мезгилинде Кыргызстанда өндүрүлгөн беде үрөнү Орусия, Белоруссия жана Прибалтика өлкөлөрүндө чоң суроо талапка ээ болгонун белгиледи.

«Беде үрөнүн өндүрүүнү жандандырып жөнгө салышыбыз зарыл. Мындан сырткары, биздин селекция-окумуштууларыбыз тарабынан жаңы беденин сорттору чыгарылып жатат. Мисалы беденин «Бектур» сорту Б.Тентиевага таандык», — дейт Жумалиев.

Мындан тышкары ал эл аралык үрөн рыногунда орун табуу үчүн Кыргызстан үрөн өндүрүүнү этап-этабы менен жогорулатышы керектигин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>