Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда балык багылган 560 көлмө бар

Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда балык багылган 560 көлмө бар

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеште синтетикалык торлорду алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу жүрүшүндө депутат Аалы Карашев өлкө аймагында көлдөрдөн тышкары балык багылган канча көлмө бар экенине кызыкты.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда балык багылган 560 көлмө бар экенин билдирди.

“Суу сактагычтар менен суу топтоочу жайлар мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын карамагында болгондуктан, алар сынак негизинде ижарага берилип жатат. Азырынча 120 суу топтоочу жай ижарага берилген, жакында калган бөлүгүнө сынак жарыяланганы турат. Ижара шарттары келишимде камтылат”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>