Токтогулда милициянын формасын кийип, куралчан жүргөн адам мал ууру болуп чыкты

Токтогулда милициянын формасын кийип, куралчан жүргөн адам мал ууру болуп чыкты

Жалал-Абадда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогулда мал уурулук боюнча 5 учур катталган. Анда жалпы 5 уй жана 1 жылкы уурдалып, мал ээлерине 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205*1–беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иштери козголгон.

Бул ишке шектүү катары Токтогулдун 30 жаштагы А.У. аттуу тургуну кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 4-майда Өзгөрүш айылынан мал сатып жатканда колго түшүрүлгөн. Ал «Бишкектин Биринчи май райондук милициясында иштейм» деп алдап элдин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу курал менен жүргөн.

Милиция кармалган адам укук коргоо органдарынын кызматкери эмес экенин белгилешти.

Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча бир айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Шектүүдөн алынган куралдар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>