Милиция: Ошто экстремисттик уюмдун лидерлери аныкталды

Милиция: Ошто экстремисттик уюмдун лидерлери аныкталды

Ош облусунда өлкөдө тыюу салынган «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун лидерлери аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-майда аталган экстремисттик агымдын активдүү мүчөлөрү болгон 54 жаштагы Х.Ш., 45 жаштагы Ш.Д., 61 жаштагы Х.М. жана 51 жаштагы А.А. аттуу тургундардын үйлөрүндө  тинтүү жүргүзүлүп, күмөн жараткан 51 китеп, 2 телефон, 9 баракча, 1 дептер, 3  DVD диск, 3 кассета, 5 флеш карта жана 1 ноутбук табылып алынган. Алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган жарандар милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бирөө «Йакын Инкардын» идеялогиясын колдоодон баш тартарын билдирген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>