Англияга ишке жөнөтөм деп 50дөй адамды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Англияга ишке жөнөтөм деп 50дөй адамды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Баткендин милициясы ондогон адамдан акча алып, алдап кеткен деп шектелген аялды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга Кадамжай районунун 41 жаштагы С.Ы. аттуу тургуну кайрылып, бир аял аны жана башка адамдарды «чет өлкөгө жумушка орноштурам» деп акча алып, алдап кеткенин билдирген.

Белгилүү болгондой, Т.Ч. аттуу аял (шектүү) быйыл февралдан тарта жабырлануучуга (С.Ы.) «Англияга жакшы маяналуу жумушка жөнөтөм. 6 ай ичинде жакшы акчага иштеп келесиңер», — деп алдап ишеничине кирген. WhatsApp аркылуу жумуш орундарынын сүрөттөрүн көрсөткөн. Андан кийин жабырлануучу (С.Ы.) аркылуу 47 кишини чогултуп, «виза ачып берем» деп ар биринен 1,4 миң доллардан алган. Бирок айткан убадасын аткарбай, алдап кеткен. Натыйжада акчасын бергендер 66,8 миң доллар материалдык зыян тарткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмаш иши козголгон.

Милиция билдиргендей, шектүү аял (Т.Ч.) 3-майда «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан качайын деп жатканда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда шектүү дагы канча адамды алдаганын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>