Өзбекстандын Барак анклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн жаңы айыл курулат

Өзбекстандын Барак анклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн жаңы айыл курулат

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргыздар үчүн Ошто жаңы айыл курулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Айыл «Жаңы Барак» деп аталып, аянты 38 гектарды түзөт. Бул конуштан 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер берилип, 101 жаңы үй салынат. Ошондой эле айыл тургундарынын 18ге толгон уул-кыздарына жер берилет. Курулушту 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Кийин мектеп, бала бакча сыяктуу соцобъектилер салынат.

Айылдын курулушуна президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда капсула салды.

Белгилей кетсек, Барак айылы мурда Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы болгон. Айыл жарым-жартылай обочодо калгандыктан, анда жашагандар көп жылдардан бери Кыргызстанга кирип-чыгууда кыйынчылык тартып келишкен. 2022-жылы эки өлкө чек ара такташканда, Барак эксклавы боюнча маселе алмашуу жолу менен чечилген. Барак айылы Өзбекстанга өтүп, коңшу мамлекет анын ордуна Кыргызстанга Ош облусу менен чектешкен аймагынан жер берген.

Быйыл апрелде Барактын тургундары Ош облусуна көчүп чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош облусу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>