Акыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалдыБишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады
Базар-Коргондо жер көчтү. Бир үйдү басып калышы мүмкүн
06.05.2024 | 17:03
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын көлөмү 7 миң кубду түздү. Маалыматка караганда, көчкү түшкө жерге жакын 9 үй-бүлө жашайт.
“1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн”, – дейт ӨКМ.
Көчкүнүн айланасында 250 метр узундукта 20- 25 см жаракалар бар экени аныкталды. Айылдыктарга мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоют жыйнабоо эскертүү берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом