ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
Айылдашын бакка байлап, өлтүрө сабап салган. Шектүү кармалды
11.06.2024 | 12:38
Чүй облусунда айылдашын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-июнда болжол менен саат 07:00до Совет айылында 56 жаштагы тургун (М.М.) айылдашынын (М.А.) үйүнө барган. Алар чогуу ичимдик ичип отуруп, бир убакта кайым айтыша кеткен. Уруш учурунда үйдүн ээси айылдашын бакка байлап, андан кийин катуу сабап салган. Натыйжада ур-токмок жеген жаран көз жумган.
Аталган фактыга байланыштуу “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бул ишке шектүү катары 50 жаштагы М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
Милициянын маалыматы боюнча, эки айылдаштын урушуна мүлк талап себеп болгон.