Евробиримдик «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетине киргизди — Улуттук банктын жообуИндия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырдыКыргызстанда дыйкандар үчүн резервде 4,3 млн литр дизелдик отун калды28-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, айрым райондордо кыска мөөнөттүү жаан күтүлөтКамчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып турат
Айылдашын бакка байлап, өлтүрө сабап салган. Шектүү кармалды
11.06.2024 | 12:38
Чүй облусунда айылдашын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-июнда болжол менен саат 07:00до Совет айылында 56 жаштагы тургун (М.М.) айылдашынын (М.А.) үйүнө барган. Алар чогуу ичимдик ичип отуруп, бир убакта кайым айтыша кеткен. Уруш учурунда үйдүн ээси айылдашын бакка байлап, андан кийин катуу сабап салган. Натыйжада ур-токмок жеген жаран көз жумган.
Аталган фактыга байланыштуу “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бул ишке шектүү катары 50 жаштагы М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
Милициянын маалыматы боюнча, эки айылдаштын урушуна мүлк талап себеп болгон.