Айзаданын өлүмү. ИИМдин ардагерлери митингди үзгүлтүккө учуратууда

Айзаданын өлүмү. ИИМдин ардагерлери митингди үзгүлтүккө учуратууда

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте ички иштер министри Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылган митинг өтүүдө.

Активист Улан Үсөйүндүн айдуусунда, Ички иштер министрлигинин ардагерлери митингди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышууда. Алар ИИМ кайтаруудагы имарат экенин, бул жакта митинг өткөрүүгө тыюу салынат дешүүдө.

Митингди өткөрүүгө каршы тарап дагы чогулуп, алар НПОнун өкүлдөрү өлкөдө туруксуздукту пайда кылып жаткандарын билдиришүүдө.

Алгачкы митинг 8-апрелде өтүп, анда митингге чыккандар ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясында милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болушуп, Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылган.

Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштууу ИИМ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>