Кыргызстандык эки жашы жете элек бала Ирактан мекенине кайтарылды

Кыргызстандык эки жашы жете элек бала Ирактан мекенине кайтарылды

Иракта калып калган эки баланы мекенине кайтаруу максатында Кыргызcтандын компетенттүү органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун 13-17-майда Иракка иш-сапары уюштурулуп, балдарды репартациялоо жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган гуманитардык миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин өкүлү, Ирактын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчилигинин Өнүктүрүү борборунун башчысы Саид Аль-Жайяши, Багдад шаарындагы Аль-Расафа районунун соту Хусам Абдулкарим, Паспорттор жана Жалпы жарандык Башкармалыгынын мүдүрү Генерал Нашат Аль-Хафажи, Миграция департаментинин Башчысы Генерал Хусейин Ибрахим жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Директорунун орун басары Кин Лекинздер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир мекеменин компетенциясына кирген эки тараптуу маселелер талкууланды жана Кыргызстан балдарды коргоо конвенциясын жана башка эл аралык нормаларын бекем карманары жана аларга карата өз милдеттерин так аткаруусу белгиленди. Ошондой эле, жумушчу топтун ишин жеңилдетүүгө көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн Ирактын компетенттүү органдарынын жетекчилерине ыраазычылык билдирилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>