Бишкектеги окуя боюнча ТИМ жалган маалымат таратпоого чакырды

Бишкектеги окуя боюнча ТИМ жалган маалымат таратпоого чакырды

18-майга караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Билдирүүгө караганда, окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргызстандын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн.

Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган.

Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган.

«Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Ошону менен бирге, министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: митинг ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>