Ветеринардык кызмат: Күйдүргү боюнча жалган маалымат таркатылып жатат

Ветеринардык кызмат: Күйдүргү боюнча жалган маалымат таркатылып жатат

Чүй облусунда эпизоолотологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Репортерго ветеринардык кызматтын директору Улук Кожобергенов билдирди.

Ал wahtsapp аркылуу таркатылып жаткан аудиодогу Кемин менен Токмокто күйдүргү жарасы чыгып, ал аныкталган малдын эти базарда сатылып жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Ал жалган маалымат. Ага карабай Ветеринардык кызмат жер-жерлерде текшерүү жүргүзүп жатат», — деди Улукбек Кожобергенов.

Анын айтымында, Токмокто сибирь жарасына эч кандай шек дагы жок, болгону Кеминде бир жаран ооруканага түшкөн. Бирок анын анализи толук даяр эмес.

«Мен кечээ ал үй-бүлөгө барып келдим. Уюн тоого айдап баратканда жыгылып, аны союп өздөрү гана жейт. Үйдө бир адамдан башка эч кимде эч кандай белги жок. 72 жаштагы апасы бар экен, ал уйдун сүтүн саап ичип олтурушканын айтты. Анүстүнө уйдун музоосу дагы жүрөт. Эгер мал оорулуу болсо, баласы дароо кетмек», — дейт башкы ветеринар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>