Бишкектеги окуядан 29 адам жабыркады. Соңку маалымат

Бишкектеги окуядан 29 адам жабыркады. Соңку маалымат

18-майга караган түнү медициналык тез жардам бригадаларына 29 адам кайрылса, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап бар. Аларга баш мээнин жабык травмасы, мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

18-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткан пакистандык жарандын абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болуп, андан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.

Ага байланыштуу жерине милиционерлер тартылган. Укук коргоо органдары чогулгандардын арасынан агресивдүүлөрдү кармап кеткени, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бир бөлүгү кое берилгени кабарланган.

Чет элдиктер менен болгон мушташтан кийинки митинг. Ташиевдин комментарийи (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>