ТИМде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өттү

ТИМде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өттү

18-майда Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошону менен бирге, тышкы иштер министринин орун басары Пакистан элчисин кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болуп, андан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.

Ага байланыштуу жерине милиционерлер тартылган. Укук коргоо органдары чогулгандардын арасынан агресивдүүлөрдү кармап кеткени, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бир бөлүгү кое берилгени кабарланган.

Бишкектеги окуядан 29 адам жабыркады. Соңку маалымат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>