Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мери, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мер болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Шаар мэринин басма сөз кызматы билдиргендей, Балбак Түлөбаевдин дагы бир жарлыгы менен Нариман Түлеев биринчи вице-мерлик кызматтан бошотулган.
Айжан Чыныбаева 4-октябрда өтүп, бирок жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Бир-Бол” партиясынын тизмеси менен барган.