Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Ак-Босогодо 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
27.07.2023 | 11:14
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0,5714 га.
“Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «AT Empire» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом