Өлкөдө 600 адамдын көзүнө бекер операция жасалат

Өлкөдө 600 адамдын көзүнө бекер операция жасалат

Саламаттык сактоо министри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 25-июлда өткөн.

«Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди. Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасалса, анын ичинен Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>