Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
77 жыл мурда курулган “Ак кула” ат майданы аукционго коюлду
20.03.2024 | 09:06
Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак кула” ат майданынын айрым бөлүгү сатылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде электрондук аукцион өтүшү керек.
Ага катышуунун шарттары атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү жеке жана юридикалык жактар сатып ала алат.
Белгилей кетсек, Министерлер кабинети ат майдандын ордуна бизнес борбор курмакчы.
“Ак кула” 1947-жылы курулган. Ал 1998-жылы менчикке сатылып, 2018-жылы кайра мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика