18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
ӨКМ Чүйдө болгон жер титирөө тууралуу маалымат берди
19.03.2024 | 22:39
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунда болгон жер титирөө тууралуу маалымат берди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 19-март күнү саат 21:05те болуп, анын күчү очогунда 3,5 магнитудага жеткен. Зилзаланын очогу Чүйдүн Кашка-Суу айылынан 8 чакырым, Бишкектен 33 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкекте, Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
“ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет”, – деп билдирди министрлик.