ИИМ: Москвага иштегени барып, мекендештерин карактагандар кармалды

ИИМ: Москвага иштегени барып, мекендештерин карактагандар кармалды

Москвада мекендештерине каракчылык менен кол салган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жакында Москвада 26 жана 24 жаштагы эки кыргызстандык кыз каракталган. Белгисиз адамдар түнү ката алар жашаган үйгө кирип, бычак менен коркутуп кымбат телефондорун, акчаларын жана зер буюмдарын алып кеткен.

Аталган факт боюнча Россиянын полициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 3-бөлүгүнө (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бул ишке шектүү катары 21 жаштагы Р.Р., 28 жаштагы К.Н. жана Ж.Б. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалган.

ИИмдин маалыматы боюнча, кармалган үч жаран тең Россияга иштегени барып, Москвада жашап жүргөн.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Бул кылмыштын бетин ачууда Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү, КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросундагы өкүлү Россиянын полиция кызматкерлери менен бирге иш алып барган.

Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>