Ак-Ордодо өлтүрүлгөн кишинин жубайы кылмышка шектүүнү тааныды

Ак-Ордо жаңы конушунда 3-октябрда катталган эки адамдын өлүмү боюнча кылмыш ишинин тергөөсү уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда өзгөчө оор кылмыш катталып, 1991-жылы туулган эркек жана анын эжеси бычакталган абалда табылган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча иш козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаранды шектүү катары кармашкан.
ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, 8-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына маркумдун жубайы, 1992-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран келип, кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген көрсөтмө берип, кармалган шектүүнү тааныган.
Мындан тышкары, маркумдун жубайы коомчулукка кайрылып, анын кайгысын урматтоо менен кабыл алууга, сабырдуулук сактоого жана социалдык тармактарда терс пикирлерди же жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.