Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
“Акчаңды көбөйтүп берем”. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
20.10.2023 | 13:59
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-октябрда милицияга аял киши кайрылып, быйыл 15-августта М.Б. аттуу кыз эки эсе көбөйтүп берем 75,5 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.Б. аттуу кызы киши кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0701 93 00 90 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз