Кызматтык батирди бөлүштүрүүдө ИИМдеги адилетсиздик тууралуу айтылды

Кызматтык батирди бөлүштүрүүдө ИИМдеги адилетсиздик тууралуу айтылды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине курулган батирлерди бөлүштүрүүдө адилетсиздикке жол берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, батир алууга тизмеде турган кызматкерлердин орду алмашып кетип жатат.

Депутат Ош облустук ички иштер башкармалыгындагы батирлерге байланыштуу окуя Бишкек менен Чүйдө кайталанып калары мүмкүндүгүн эскертти.

“Ошто кызматтык үйлөрдү бөлүштүрүүдө сый акы үчүн тизмеде жок кишилерди кошуп койгон бөлүм жетекчиси менен анын орун басары кармалды.  Азыр Бишкекте Калык Акиев көчөсүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн беш кабаттуу үй салынып бүттү. Ал жерден батир алууга кезекте турган карапайым, көп балалуулар артка жылып, жетекчилердин жакындары, туугандары, жакшы көргөн кызматкерлери алдыга жылып калып жатат. Бишкек менен Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери мага кайрылды. Алардын арызы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дагы жөнөтүлгөн ”, — деди Айгүл Айдарова.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы  Reporter.kg’ге 2023-жылдын башынан бери үйлөрдү бөлүштүрүп берүү Мамлекеттик ипотека компаниясына өткөрүп берилгенин билдирди. Айрым кызматкерлердин тизмеге байланыштуу арызын УКМК текшерип жатканын айтышты.

“Азыр кызматтык батирге кезекти ИИМ карабайт. Ага чейин берилген батирлер боюнча ар бир фактыны текшерип чыкса болот”, — дейт Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Мамлекеттик ипотекалык компания болсо, батир алууга кезек ИИМ тарабынан түзүлгөнүн айтат.

“Тизмени ИИМ берген. Биз андагы кызматкердин турак жай программасынын талаптарына туура келишин гана текшерип чыгабыз”, — деп жооп берди МИК.

Белгилей кетсек, кызматтык батирлерге байланыштуу чыр бир нече мамлекеттик мекемеде чыгып, сотко чейин жеткен. Соттун өкүмү менен мурдакы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин наамдары дагы алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>