Кыргызстандын ичимдик рыногун Казакстан менен Россия товарлары басты

Кыргызстандын ичимдик рыногун Казакстан менен Россия товарлары басты

Кыргызстан өзүнүн ичимдик рыногун Казакстан менен Россиянын ишкерлерине алдырып койду. Бул тууралуу парламентте депутат Балбак Тулобаев 2024-жылдын бюджети каралып жатканда билдирди.

Ал өлкөдөгү спирт жана арак заводу жабылып, сот иштери жүрүп жатканын белгилдеди.

“Кайсы дүкөнгө кирбе Казакстан менен Россиянын ичимдиги сатылып жатат. Алар рыноктун 80 пайызын алып койду. Эми кирешени минус кыла бергиле. Спиртти кимге сатасыңар? Рыноктун мыйзамдары баарына белгилүү. Ишенбесеңер, чогуу чыгып карап көрөлү”, — деди депутат.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун айтымында, жыл башынан бери арактан 1,5 миллиард сом салык чогулган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1 миллиардка көп.

Эскерте кетсек, «Аю» холдингтин спирт жана арак заводу мамлекеттик карамагына өткөн. Ал эми компаниянын ээси Шаршенбек Абдыкеримов сот тарабынан сыртынан камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>