30-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +39 градуска чейин көтөрүлөт, айрым аймактарда жаан жаайтБУУ Батыш жээктеги кырдаалдын кескин курчуп жатканын эскертти«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкектен Ташкентке каттамдарды ачатСүхэ-Батор көчөсүндө бак-дарактар эмнеге куурап жатат: тургундар жана «Бишкекжашылкурулуш» эмне дейт?Садыр Жапаров Казакстанга «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылышына катышуу үчүн келдиКыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну пландоодо
“Акчаңды көбөйтүп берем”. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
20.10.2023 | 13:59
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-октябрда милицияга аял киши кайрылып, быйыл 15-августта М.Б. аттуу кыз эки эсе көбөйтүп берем 75,5 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.Б. аттуу кызы киши кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0701 93 00 90 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз