Акчаны кантип чогултуу керек?

Акчаны кантип чогултуу керек?

Каражатты максаттуу иштетип, аз кирешелүү болсо да акчаны сактап, максаттуу иштеткен адамдар бар. Бул үчүн акча сактоону адатка айландыруу керек. Төмөндө акчаны сактоого жардам бере турган бир нече кеңештерди бермекчибиз. 

КАРЫЗДАН КУТУЛУУ КЕРЕК

Акча топтоодон мурун бардык карыздан кутулуу керек. Мында да карыздан кутулуунун планын иштеп чыгып, аны так аткаруу менен андан ары карыз албай, мүмкүнчүлүккө жараша жашоого үйрөнүү талап кылынат. Муну аткаруу башында кыйын болгону менен карыз алып жашаганга караганда, алда канча жеңил.

МАКСАТТЫ ТАК АНЫКТОО ЗАРЫЛ 

Эмне үчүн акча чогултушум керек? Ай сайын канча каражат сарптап жатам? деген суроолорго жооп таап алышыңыз керек. Ошого жараша чыгымдарыңызды тартипке келтирип, кайсы чыгымдарды азайтуу керектигин, же эмнени үнөмдөөгө болорун көрөсүз. Чыгымдардын кайсыга жумшалып жатканын билүү үчүн “CoinKeeper” же “ZenMoney” сыяктуу каражат чогултуу мобилдик тиркемелерин колдонууга болот. Же болбосо чыгымдар дептерин түзсөңүз болот. Ал үчүн ай сайын чыгышаларыңызды калтырбай, эсептеп чыгышыңыз керек.

ДҮКӨНГӨ ТИЗМЕ ТҮЗҮП БАРЫҢЫЗ 

Эмне сатып ала турганыңызды так билүү убакытты жана акчаңызды үнөмдөйт. Эң негизги нерсе тизмедеги нерселерди гана сатып алуу, анын чегинен чыкпоо. Сиз текчелердин алдында турганыңызда, көзүңүзгө түшкөн нерсени сатып алгыңыз келет.

КАЙСЫ ЧЫГЫМДАРДЫ АЗАЙТУУГА БОЛОРУН ОЙЛОНУҢУЗ 

Бул жашоонун сапатын төмөндөтүү дегенди билдирбейт. Мисалы, үйдөн жакын жердеги дүкөндөн азык-түлүк сатып алуунун ордуна, алдын ала тизме түзүп, дүкөнгө, же базарга барып керектүү нерселерди дүңүнөн сатып алганыңыз жакшы. Же болбосо, сиз күн сайын иче турган кофенин ордуна үйүңүзгө кофе машина сатып алып, бир топ сумманы үнөмдөңүз. Жашооңуздун сапатын бузбастан, чыгымдарыңызды кыскартуунун жолдорун таба аласыз.

ФИНАНСЫЛЫК ЖАЗДЫКЧАҢЫЗДЫ КАЛЫПТАНДЫРЫҢЫЗ 

Коопсуздук жаздыкчаны калыптандыруунун натыйжалуу жолу — кирешенин 10% бөлүп коюу. Эгер 20 миң сом тапсаңыз, 2 миң сомун бөлүп коюңуз. 50 миң тапсаңыз 5 миң сомду алып коюңуз. Бул сиздин коопсуздук жаздыкчаңыз. Мындай учурда топтолуп жаткан акчаны кандай гана жагдай болбосун жумшабаңыз.

КОШУМЧА КИРЕШЕ БУЛАГЫН ИЗДЕҢИЗ 

Бул үчүн түрдүү жолдор бар. Мисалы, жактырган хоббиңизди киреше булагына айландыра аласыз. Азыр эмне кыла аларыңызды ойлонуп көрүңүз. Эгер билимим жетишсиз десеңиз, муну үйрөнүшүңүз керек. Бир эле нерсе менен алектенбөө керек. Ар дайым ишиңиз жүрбөй калуу коркунучу бар (мисалы, пандемия учурундагыдай). Ар бир адам бир нече багытта өзүн өнүктүрө алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>