Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
“АКШга виза жасап берем”. Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды
24.11.2023 | 15:30
Бишкекте “АКШга виза жасап берем” деп акча алып, алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы март айында Бишкектин тургуну “АКШга виза жасап берем” деген аялга 2,5 миң доллар жана 15 миң сом акча берип, алданып калган. Быйыл 21-ноябрда алданып калган жаран милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмшы иш козолгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 45 жаштагы Б.Э. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0(702) 743 335, 0(550) 743 335, 0(555) 300 071 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз