Гендердик квотаны сактабаган Минкаб аялдардын лидерлиги боюнча программа иштеп чыгат

Гендердик квотаны сактабаган Минкаб аялдардын лидерлиги боюнча программа иштеп чыгат

2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин жыйынында айтылды.

Акылбек Жапаровдун айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу жана токтотуу маселеси мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

«Теңдикти жана гендердик саясатты илгерилетүү бул жөн гана тенденция, оозеки сөздөр же эл аралык милдеттенмелерибизди аткаруу эмес. Бул дени сак, адилеттүү жана өнүккөн коомдун пайдубалы. Ошондуктан, биз коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, аткаруу бийлигинде 2 гана министр аял бар. Мыйзамга ылайык жетекчилик орундарда гендердик квота 30 пайыздан кем  болбошу шарт.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн отчету кароо учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков дагы Акылбек Жапаровду гендердик теңсиздикти камсыз кылууга чакырды.

«Минкабдын курамы кооз, бирок аялдар жокко эсе»,  — деп кошумчалады эл өкүлү.

Коомдун үрөйүн учурган зордук-зомбулук фактыларын президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков «кызыктар тараптардын гана саясаты» деп атаган.

«Тилекке каршы миңден бир, сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар бар. Анда аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар жалпы Кыргызстандагы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу – кызыктар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет», — деген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>