УКМК Талантбек Мамытовду 200 миң доллар пара менен кармады (видео)

УКМК Талантбек Мамытовду 200 миң доллар пара менен кармады (видео)

Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси М.Т.А. (Мамытов Талантбек Алиевич) 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, Талантбек Мамытов А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу эки жаран менен сүйлөшүп алып, көмүр казып иштеген компаниянын А.Б.А. аттуу директорунан акча опузалаган. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына А.Б.А.нын үстүнөн арыз жазып, рейдерлик кылды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документерди жасалмалады деп билдирген. Бул ишти бүтүрүү үчүн 200 миң доллар опузалашкан.

Белгилүү болгондой, Талантбек Мамытов 23-ноябрда 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>