Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилди
Аксыда аты менен кошо сууга агып кеткен өспүрүм изделүүдө
25.05.2021 | 09:17
Аксы районунда аты менен кошо сууга түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынын 11 жаштагы тургуну Н.Э. 24-майда Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып, Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.
Жерине 13:50 чамасында Аксы райондук ӨКБнүн 5 куткаруучу Атайын куткаруучу унаасы менен ИИМден 2 кызматкер тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар