Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Жашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жетти
14.10.2025 | 17:05

2025-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жашоо минимуму киши башына орточо 8 758 сом болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га жогорулаган.
Жашоо минимумунун түзүлүшү төмөнкүдөй:
- Тамак-аш чыгымдары — 65%,
- Тамак-аш эмес товарлар — 16%,
- Кызмат көрсөтүүлөр — 17%,
- Салыктар — 2%.
Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 ккал, анын курамында орто эсеп менен 73 грамм белок жана 71 грамм май бар.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму:
- Эмгекке жарамдуу калк — 9 818 сом,
- Пенсионерлер — 7 760 сом,
- Балдар — 7 413 сом.
Эмгекке жарамдуу калк ичинде эркектер үчүн жашоо минимуму 10 063 сом, ал эми аялдар үчүн 9 766 сом болуп эсептелет.