Акыйкатчы бейбаштыкка шектелген 4 өспүрүмдү бошотууга чакырат

Акыйкатчы бейбаштыкка шектелген 4 өспүрүмдү бошотууга чакырат

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин камакта калтырган  14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек өспүрүмдү бошотууга чакырат.

Укук коргоо институтунун маалыматында, өспүрүмдөр бейбаштыкка шектелүүдө. Аларга бөгөт чарасын аныктоо учурунда балдардын көрсөтмөсүн угулбай, Свердлов райондук администрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн өспүрүмдөрдү ата-энесине өткөрүп берүү өтүнүчүнө дагы көңүл бөлүнгөн эмес.

Акыйкатчы БУУнун  жашы жете электерге карата сотко жөнөтүүгө байланыштуу (Пекин эрежелери) 1985-жылы 29-ноябрда кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын Резолюциясында БУУнун стандарттык эрежелеринде негизги жетектөөчү принциптердин бири чагылдырылган: жашы жете элек өспүрүм башка тиешелүү чаралар болгон учурларды кошпогондо абакка камалбашы керектигин эскертет.

“Пекин эрежелеринде соттук териштирүү жашы жете элек өспүрүмдүн кызыкчылыгына туура келип, өспүрүмдүн көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүндүк берилиши шарт”, — дейт акыйкатчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>