ИИМдин Күзөт кызматы 9 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

ИИМдин Күзөт кызматы 9 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 11-октябрда ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахмановдун жетекчилиги астында Күзөт кызматынын быйыл 9 айда аткарган ишинин жыйынтыгын караган кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам кеңешмеге Күзөт кызматынын башчысынын орун басары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын башчысы жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалыктардын жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары аткарылган иштер боюнча маалыматтарды беришип, аларга бир катар тапшырмалар берилген.

Ыкчем кеңешмеде белгиленгендей бүгүнкү күндө Күзөт кызматынын бөлүмдөрү тарабынан кайтарылган объекттердин саны 3 миң 939га жеткен. Бул былтыркыга салыштырмалуу 3,2% га өскөн.

«Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндө ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткарууда Күзөт кызматы 9 ай аралыгында бир топ иштерди аткарууга жетишкен. 

Ишенимге берилген объектилердин коопсуздугун камсыздоодон тышкары, майда бейбаштыктан жана уурулуктан тартып талап-тоноого жана киши өлтүрүүгө чейинки республиканын ИИОнун башка бөлүмдөрү менен биргеликте кылмыштуулукка каршы активдүү иш алып барат», — деп айтылат маалыматта.

Жыйында Каныбек Абдырахманов айрым бөлүмдөрдүн жана алардын жетекчилеринин ишиндеги кемчиликтерди белгилеп, жарандардын мүлкүн уурдоого жол бербөө, ишенимдүү коргоо максатында объекттерди күзөт ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы айтылган.

Ошондой эле көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү милдетин коюлган.

«Кеңешменин жыйынтыгында Күзөт кызматынын башчысы коюлган тапшырмаларды аткарууда бөлүмдөрдүн жетекчилери көзөмөлгө алып, кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди тийиштүү деңгээлде жүргүзүшү керектигин белгилеп, кийинки кеңешмеде 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коюлган милдеттердин аткарылышы каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматтык ишинде кемчиликтери бар бир катар жетекчилер тартиптик жазаларды алышты, ошондой эле күзөт кызматынын ишинин артыкчылыктуу багыттары белгиленди», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>