«Мушташасыңбы?» ИИМ милициянын кийимин кийип, «тамашалуу» видео тарткан жигитти издөөдө

«Мушташасыңбы?» ИИМ милициянын кийимин кийип, «тамашалуу» видео тарткан жигитти издөөдө

Ички иштер министрлиги соцтармактарга тараган видеодогу милиция кызматкеринин кийимин кийген жаранды издөөдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга жүргүнчү менен кайым айтышып, аны мушташка чакырган милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган. Учурда бул факты боюнча ИИМдин тиешелүү кызматтары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, аталган видеого тиешелүү жарандардын өздүгү такталууда.

Ички иштер министрлиги укук коргоо органдарынын формасын мыйзамсыз кийген же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасалма документтерин пайдаланган жарандарга Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Соцтармактын колдонуучуларынын пикири боюнча, видеодогу милиция кызматкеринин формасын кийген жигит вайн тартып жаткан. Ал эми видеодо колдонулган үн мындан бир нече жыл мурда болгон окуя учурунда тартылган видеодон алынган.

Кийинчерээк «тамашалуу» видео тарткан жаран кечирим сурап чыкты.

Милициянын кийимин кийип «тамашалуу» видео тарткан жигит кечирим сурады (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>