Акыйкатчы институту ооруканадагы Султанбай Айжигитовдон кабар алды

Акыйкатчы институту ооруканадагы Султанбай Айжигитовдон кабар алды

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдон ооруканага барып кабар алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 30-апрелде Айжигитов Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылып, эртеси, 1-майда тез жардам кызматынын ооруканасына кароодон өтүүгө жеткирилген.

«Институттун кызматкерлери барган учурда дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери  аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүп жатышкан. Институттун кызматкерлери Султанбай Айжигитов менен баарлашып, денесине кароо жүргүзүштү»,- деп айтылат маалыматта.

Султанбай Айжигитов 30-апрелде саат 11:00дор чамасында аны адвокатынын үйүнүн жанынан күч колдонуп кармап, УКМК алып кетишкенин билдирген.

“Андан кийин менин жана менин аялымдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Ал жакта ден соолугум начарлап, ооруканага жеткирилдим», — деген ал.

Медициналык кароодон кийин Султанбай Айжигитов кайрадан Президенттин Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Эске салсак, 30-апрелде УКМК маалымат таратып, Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатышканын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматында, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Г.Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары келип түшүп, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитовго жана анын жубайына кылмыш иши козголду

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>